ТҮШТҮК І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Түштө, түшкүсүн. Бир күндүн жарымы, жартысы. Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин (макал). 2. Түшкү тамак. Түштүгүнө тай сойду.
ТҮШТҮК ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Жер шарынын төрт тарабынын бир жагы, түндүк тараптын карама-каршы жагы. Мына түштүк жакта бою асман тиреген чалкыган тоо жатат (Байтемиров). Түштүгүндө: Пахта, жибек, кени бар, Чыгыш жагы – кендүү, малдуу Тянь-Шань (Токомбаев).